Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
10.02.2017-жыл. №30-11
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентярындагы №571 токтому менен бекитилген муниципаддык менчиктетурган жер участокторуна менчик же ижараукугун берүүнүн тартиби жана шарттарытууралуу Типтүү Жобого ылайык муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн орун басары У.Кадыровдун жер комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Төлөйкон айыл өкмөтүнүн орун басары У.Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага | И.Ажиматов |
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин
10.02.2017- жылдагы
кезектеги XXX сессиясынын №30-11
токтомуна 1-тиркеме
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын
курамы
У.Кадыров - Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы,
А.Арапбаев - Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын төрагасыньдн орун басары,
А.Манасов - Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ижара боюнча жер адиси, комиссиянын катчысы,
Мүчөлөрү:
Г. Бердиева - Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы,
Х.Сулайманов - Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,
Т.Алимбубаева - Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн соц.сектор башчысы,
С.Арзибаев - Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн салык инспектору,
А. Нарматов - Төлөйкөн айыддык кеңешинин депутаты,
Б.Акчалов - Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Т.Арзибаев - Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Аукцион өтүп жаткан айылдын башчысы
Төлөйкөн айыл өкмөтунүн
жооптуу катчысы: X. Сулайманов