Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
10.02.2017ж. №30-13
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө жарандардан түшкөн арыздарын кароо жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан-Кыштак айылынын Коргон участкасынын №1502 контурунда жайгашкан Абдуллаев Русланга тиешелүү болгон 1,30 га жер аянтын жылдырып берүү жөнүндөгү арызын карап депутаттардын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Дыйкан-Кыштак айылынын Коргон участкасында жайгашкан Абдуллаев Русланга тиешелүү болгон 1,30 га жер аянтын №1502 контурунун түндүк жагынан түштүк-батыш жагына жылдырылуусу Төлөйкөн айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул токтомдун мыйзамдуулугу жана аткарылышы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн орун басары У.Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага | И.Ажиматов |