Редакцияот 14,03,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

XXVII  чакырылышынын I сессиясы

14.03.2018-ж. № 2

Тамчы айыл аймагынын 2018 – жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Тамчы айыл аймагынын 2018-жылга бюджетин депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы  айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тамчы айыл Аймагынын  2018 – жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары бонча 15203,9 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 600,0 мин сом.

2. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Есенгулов жана ФЭБ башчысы Ф.Бейшембиевге милдеттендирилсин.

3. Токтом массалык маалымат каражатына жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жөнөтлсүн.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Э. Мусаев