Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
14.03.2018 №5
ЖПБ нин ишмердигин колдоо жөнүндө
Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1 долбоорунун алкагында микродолбоорду ишке ашыруу үчүн 4- грантты алуу боюнча ЖПБ нин төрагасы К. Алжановдун жасаган маалыматын депутаттар угуп, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖПБ нин накталай салымы микродолбоордун жалпы суммасынан 5% дан кем эмес 140,0 (жүз кырк) миң сом акча каражатты жергиликтүү бюджеттин эсебинен которуп берүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Мал чөмүлтүүчү купка курууга жер аянты Кабырга боюнан, зооветеринардык комплекске жер аянты 3 айылдын орто ченинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмол кылуу жагы Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Э.Мусаев |