Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
14.03.2018ж. №14
“Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, айыл Өкмөтүнүн аймагында жеке менчик турак жай салуу үчүн кайрылган жарандардын суроо талаптарын канааттандыруу боюнча маселени депутаттар карап, кызуу талкууга алгандан кийин Тамчы айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарына жеке менчик турак жай курууга Тамчы айыл Өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Гүлбакча участогунун муниципалдык менчигиндеги 25,20 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Есенгуловко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл Кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология жайыт маселеси, байланыш түйүнү, мыйзамдуулук, укук маселелери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Мусаев |