Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
14.03. 2018-жыл №15
“Тамчы Турак-жай Коммуналдык Чарбасы” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ААК аркылуу лизингке айыл чарба техникасын алуу жөнүндө”
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясындагы айыл-чарба техникасын алуу жөнүндөгү Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын катынын негизинде “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кожокелдиев Кубатбектин маалыматын угуп, сунуштарын депутаттар карап, кызуу талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл Өкмөтүнө караштуу “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк”ААК аркылуу лизингке Беларус-82.1 Д-243 үлгүсүндөгү тракторун жана МАЗ 490243-390 үлгүсүндөгү Таштанды чыгаруучу унааны, Тамчы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен техниканын жалпы 4511000 сом суммасынын 30% - 1353300 мин сом каржылоосу лизингке алууга уруксаат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Айыл Банк менен келишим түзүп, өздүк салым катары тиешелүү төлөмдөрүн төлөп туруу жагы Тамчы айыл Өкмөтүнө караштуу “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Тамчы айыл Өкмөтүнө караштуу “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасына айыл чарба техникасын алууда Тамчы айыл Өкмөтү “Айыл Банк” ААК алдында милдеттенмелерди аткарууда тилектештик-кызматтык жоопкерчиликти аткаруучу катары катышууга укук берилсин.
4. Тамчы айыл Өкмөтүнүн “Тамчы ТКЧ” муниципалдык иш канасына айыл чарба техникасын алуу үчүн “Айыл Банк” ААК лизинг катары алынуучу техниканы алууда “Айыл Банк”ААК менен келишимдерге кол коюуга жана башка лизинг катары техниканы алуудагы аракет/бүтүмдөрдү аткарууга “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Кожокелдиевке укук берилсин.
5. Лизингдин негизги каражатын жана пайыздарын графиктин негизинде төлөө жагы Тамчы айыл Өкмөтүнө караштуу “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
6. Токтомдордун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Айылдык Кеңештин финансы комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Э.Мусаев |