Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
12.01.2017ж. №3
«Иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө»
Айылдык Кеңештин кезектеги I сессиясынын кароосунда айыл аймактын жашоочуларынын кайрылууларын карап көрүп Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил” жөнүндөгү Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында жана айыл аймактын жергиликтүү калкынын көпчүлүгү кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүн эске алып Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди жакшы өздөштүрүүсү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана айылдык Кеңштин, айыл Өкмөтүнүн иш – кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Айылдык Кеңештин кабыл алынган токтомдорун ММКда кыргыз тилинде жарыялоо, мамлекеттик укуктук актылар реестерине каттатуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, улуттук каада – салт жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.У.Есенгулов |