Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23.11.2017-ж. №28
Жергиликтүү бюджеттен акча-каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Тамчы айыл аймагына караштуу Тамчы айылынын жалпы айыл тургундарынын 04.09.2017-жылдагы жыйынынын протоколун жана Тамчы мектеп Гимназиясынын директору Э.Курманбаеванын 05.09.2017-жылдагы жазган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Тамчы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл аймагына караштуу Тамчы мектеп Гимназиясынын эски чатырын алмаштыруу жана оңдоо үчүн, Тамчы айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары ушул долборду иш жүзүнө ашыруу үчүн 766576 (Жети жүз алтымыш алты мин беш жүз жетимиш алты) сом акча – каражаты 2018 – жылдын жергиликтүү бюджетинин “Жалпы билим берүү” бөлүмүнүн “3111 – Имараттар жана жайлар” элементине каралып бекитилсин.
2. Токтомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Есенгулов жана ФЭБнун башчысы Ф.Бейшембиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» жана “Маданият билим берүү, сламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо,эмгек, миграция, коомдук өкмөттүк эмес уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Мусаев |