Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23.11.2017 ж. №33
Жаныбарларды идентификациялоону уюштуруу жөнүндө
Айыл аймагында жаныбарларды идентификациялоону уюштуруу максатында малдын кулагына тагылуучу бирка баасын жана ветеринардык адистердин жумуш акысын бекитип берүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаныбарларды идентификациялоонун алкагында ири мүйүздүү малдардын кулагына тагылуучу биркаларды мал ээлерине сатууда бир жуп бирканын баасы 40 сом жана ветеринардык адистердин жумуш акысы 30 сом олчөмүндө бекитилсин.
2. Биркаларды сатуудан түшкөн акча - каражаттарды өзүнчө эсепке алууну камсыз кылууну ветеринардык адистер С. Исаевке жана К. Алжановко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду каттоо жана мамлекеттик укуктун актыларынын реестерине киргизүү үчүн райондук ММК на жарыяланып, облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Мусаев |