Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23.11.2017 ж. №37
Салыктын аткарылышы жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги салыктын түрлөрү боюнча 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылышы жөнүндө айыл Өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б. Абдыралиевдин жасаган маалыматын депутаттар карап, кызуу талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылышы жөнүндөгү киреше боюнча башкы адис Б. Абдыралиевдин жасаган маалыматы алымча - кошумчасы менен эске алынсын.
2. Айыл аймактагы кашар, таш короонун ордулары такталып, анализдеп жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда тиешелүү төлөмдөрүн чогултуу айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Салыктын айрым түрлөрүнөн карызы бар мекеме – ишкана жетекчилеринен, жеке жактардан карыздарын чогултуу иштери жүргүзүлсүн.
4. Чырпыкты айылындагы К.Тыныстанов атындагы жана Кош – Көл айылындагы туристтик айыл багытындагы жаңы конуштардан конок үйүн салууга берилген жер участокторунун тиешелүү документтерин тез арада бүтүрүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
5.Ушул токтомду каттоо жана мамлекеттик укуктун актыларынын реестерине киргизүү үчүн райондук ММК на жарыяланып, облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Мусаев |