Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
01.12.2017 ж. №46
“Чырпыкты Суу пайдалануучулар ассоциациясынын карызы жөнүндө”
Айылдык Кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги Чырпыкты СПА нын 457,390 сом олчөмүндөгү кредитине карызын жергиликтүү бюджеттин эсебинин төлөп берүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап, кызуу талкууга алгандан кийин, Ысык – Көл райондор аралык сотунун 22.09.2016-жылдагы №ЭД – 422/16 – МИ чечиминин жана депутаттардын кол көтөрүп добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чырпыкты СПА нын 457,390 сом өлчөмүндөгү кредиттик карызын жергиликтүү бюджеттин эсебинен которуп берүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Сугат суу төлөмдөрүн чогултуп, жергиликтүү бюджеттин эсебинин которулган акча – каражатты кайтарып берүү СПА на милдеттендирилсин.
3. Элдик жыйында СПАнын төрагасы Т. Бектуровдун жылдык отчету угулуп, СПАнын Советин кайрадан шайлоо жагы каралсын.
4. Ушул токтомду каттоо жана Мамлекеттик укуктун реестерине киргизүү үчүн райондук ММК на жарыяланып, облусттук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Мусаев |