Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
25.12.2017-ж. №47
Тамчы айыл Аймагынын 2018-2019-2020-жылдарга болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Тамчы айыл Аймагынын 2018-жылдын бюджетин жана 2019-2020-жылдарга долбооруна карата жергиликтүү бюджетин карап, талкуулап чыгып Тамчы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тамчы айыл Аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 15203,9 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен:Атайын каражат 600,0 мин сом.
2.Тамчы айыл Аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 15644,9 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 600,0 мин сом.
3.Тамчы айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 16157,9 мин сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 600,0 мин сом.
4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Есенгулов жана ФЭБнын башчысы Ф.Бейшембиевге милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э. Мусаев