Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
25.12.2017ж. №48
Архивариус штатын ачуу жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, айыл Өкмөтунүн иш - кагаздарынын сакталышына жооптуу кызматкерди дайындоо жонундө Кыргыз Республикасынын 11.04.2014-жылдагы №56 Мыйзамы менен депутаттар таанышып, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келишимдин негизинде архивариус кызматкерин алуу 2018-жылдын январь айынан тартып штаттык бирдике киргизүү жана эмгек акысын муниципалдык кызматкердин минималдык базалык ставкасынын өлчөмүндө төлөп берүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Иш – кагаздар сакталуучу архив тиешелүү эмеректер менен камсыз кылынсын.
3. Ушул токтомду каттоо жана мамлекеттик укуктун актыларынын реестерине киргизүү үчун райондук ММК на жарыяланып, облусттук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмол кылуу айылдык Кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Мусаев |