Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
25.12.2017 ж. №50
Жайыт пайдалануучулар комитетинин ишмердүүлүгү жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясында ЖПК нин төрагасы К. Алжановдун мал чарбасын өнүктүрүү, эпизоотиялык абалды жакшыртуу максатында (купка, загон, боз үй) жергиликтүү бюджеттен акча-каражат сурап кайрылган оозеки билдирүүсүн депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖПК не жергиликтүү бюджеттин эсебинен эски купканы жандандыруу жана малдарды сугаруучу жайга Кабырга лотогунан суу тартып келүүгө 80,0 миң сом бөлүп берүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Акча – каражатты сметанын негизинде максаттуу, сарамжалдуу пайдаланып белгиленген иштерди өз убагында аткаруу ЖПК нин төрагасы К. Алжановко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду каттоо жана мамлекеттик укуктун актыларынын реестерине киргизүү үчүн райондук ММК на жарыяланып, облусттук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Мусаев |