Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
25.12.2017-ж. №52
Тамчы айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча –каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016 – жылдын бугу айынын 30 дагы №75 “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 31-бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында, айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ф.Бейшембиевдин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Тамчы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тамчы айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызмат акыларына кошумча 30% пайыз өлчөмүндө акча – каражатты кошуп берүү жагы каралсын.
2.Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Есенгулов жана ФЭБнун башчысы Ф.Бейшембиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э. Мусаев