Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-декабры №37/VII-27
Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине жана ҮБДТ кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам берүүчү нак акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине жана ҮБДТ кызматкерлерине, бир мезгилдүү материалдык жардам берүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө Кант шаардык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карапчыгып Кант шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 2017-жылдын башында бюджеттик каражаттын эркин калдыгын эсебинен Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине жана ҮБДТ кызматкерлерине, бир мезгилдүү материалдык жардам берүү үчүн 2,985,0 (эки миллион тогуз жүз сексен беш) миң сом акча каражаттын тизмеге ылайык бөлөт.
2. Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын № 2 чечими бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (Коджакматов М.К.).
Төрага | А. Шайлдабеков |