Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-февралы №3
Аманбаев айылдык Кеңеши КБФунун жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөн жерлерин кайра берүү жөнүндөгү маселени жана айыл өкмөтүнө тиешелүү жерлерге ГОСактыларды жасатуу жөнүндөгү маселени карап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.КБФунун ижара мөөнөтү бүткөн жерлер аукцион аркылуу берилсин.
2. Бошогон жерлердин 25% социалдык муктаж жарандарга түз келишим менен берилсин.
3.Өкмөттүн ГОСактысы жок жерлерине жана имараттарына ГОСактылар жасалсын.
4.Токтомдун аткарылышына айыл өкмөт башчысы М. Темирбеков милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөсүн өзүмө калтырам.
Төрага | Джеенчороев К.С. |