Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-марты №5
Айылдык Кеңештин токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Талас областык юстиция башкармалыгынан 2015- жылдын 04- июнундаагы №01-23/270 чыгыш сандуу каты айылдык кеңештин отурумунда каралып жана талкууланып Аманбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештен чыккан токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип турсун.
2.Айылдык кеңештин токтомдорун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизип туруу жоопкерчилиги айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Джуманазаровага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Джеенчороев К.С. |