Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты №1
Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү негизги бюджетинин жана атайын каражаттар бюджетинин долбоорун карап жана талкуулап чыгып Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү негизги бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 11094,4 миң сом,чыгаша бөлүгү боюнча 11094,4 миң сом өлчөмүндө, атайын каражаттар бюджетинин киреше1382, миң сом, чыгаша бөлүгү1382,0 миң сом өлчөмүндө, жалпысынан 12476,4 миң сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынан түшүүсү белгиленсин:
Катар № | Статьялары | Киреше булактарынын аталышы | Жалпысы |
1 | 11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 2654,0 |
2 | 11122200 | Ыктыярдуу патент негизиндеги салык | 462,0 |
3 | 11311200 | Кыймылсыз мүлккө салык | 34,0 |
4 | 11312120 | Көлүк каражаттарына салык | 230,0 |
5 | 11321100 | Жер участокторуна физик-к жактар үчүн салык | 268,0 |
6 | 11321200 | Жер үлүштөрүнө юрид-к жактар үчүн салык | 1168,2 |
7 | 11321300 | Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык |
335,0 |
8 | 11412100 | Сатуудан алынуучу салык | 900,0 |
9 | 70182 | Теңөөчү гранттар | 4211,5 |
10 | 14152200 | Жайыт үчүн ижара акы | 431,7 |
11 | 14152600 | КФБунун жерлери үчүн ижара акы | 350,0 |
12 | 14153200 | Муниципалдык менчиктеги имараттардан ижара акы | 50,0 |
13 | 142222 | Мамлекеттик жыйымдар |
|
14 | 14238900 | Ата-энелерден балдар үчүн чогултуучу төлөмдөр |
1382,0 |
15 | 143111000 | Админстративдик айыптар |
|
|
| Жалпы түшүүчү киреше | 12476,4 |
2017-жылга Аманбаев айыл өкмөтүнүн негизги жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттар бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпысынан 12476,4 миң сом төмөнкү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
Анын ичинен:
Айыл өкмөтүнүн аппаратына-3835,5 миң сом.
Коргоо бөлүмү боюнча – 120,0 миң сом.
Жайыт бөлүмү боюнча – 431,7 миң сом.
Турак-жай,коммуналдык чарба тармагына-869,3 миң сом
Китепкана-168,4 миң сом
Маданият үйү жана айылдык клуб-397,5 миң сом.
Парк-43,0 миң сом.
Стадион-139,5миң сом.
Орто мектептер-2152,3 миң сом.
Балдар бакчасы-4214,2 миң сом.
Социалдык коргоо-105,0 миң сом.
3. Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылкы жергиликтүү бюджетинин киреше булактарынын тартыштыгынан жана чыгым статьяларына кирешенин жетишпегенине байланыштуу Республикалык бюджеттен мектепттердин жана балдар бакчаларынын көмүр чыгымдарына716,8 миң сом акча каражаттары суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктуулуктун негизги принциптери жөнүндөгү” 11.06.1998 жыл №78 мыйзамынын кийинки өзгөртүүлөрүнө жана толуктоолоруна ылайык, 2017-жылга каралган айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жалпы чыгашасынан 1 %-189,9 миң сом Резервдик фонд түзүлсүн.
5.Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында “Кол тийгис акча каражаттарын камдоону уюштуруу жөнүндө “ буйругунун негизинде Аманбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен-120,0 миң сом акча каражаты “Коргоо“ бөлүмүнө коюлсун.
6. Аманбаев айылдык аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт бөлүмүнө түшкөн кирешенин 3/1 бөлүгү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен алынсын.
7. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери ижарага келишим аркылуу конкурс, аукциондун негизинде берилсин.
8. Ата-энелерден ,балдар үчүн чогултуучу каражат (ата-энелер төлөмү) 2017-жылга кенже тайпадагы балдарга 17-50 сом, ал эми орто жана жогорку тайпадагы балдарга 20-00 сом тамак-ашка кеткен чыгымдардын 50% өлчөмүндө бекитилсин.
9.Суулу-Маймак айылындагы “Маймаката” жана Ак-Жар айылындагы “Аккан Таза суу” ИСКАКБларынын ичкен таза суу үчүн 1,0 т. сууга-20-00 сомдон же болбосо жан башына 15-00 сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
9. Аманбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша статьяларына кошумча киреше жана чыгашаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү Аманбаев айылдык аймактык Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн.
10.Аманбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана бюджеттик каражаттардын токтомдо белгиленген чыгым статьялары боюнча аткарылышы, айыл өкмөтүнүн Каржы экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кудайбергенов Н.О. милдеттендирилсин.
Төрага | Джеенчороев К.С. |