Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты №5
Айыл аймагынын киреше көлөмдөрү туурасындагы маалыматтарды талкуулап Аманбаев айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2017-жылга кабыл алынган бюджеттин киреше бөлүгүн кошумча тактап, өстүрүү жагы бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
2.Айыл аймагында жайгашкан май куючу жайларды көзөмөлгө алуу максатында, райондук салык инспекциясы менен биргеликте пломбаларды бекитүү жагы айыл өкмөт башчысы М.С. Орозбаевге милдеттендирилсин.
3. Салыктардын чогулушу боюнча айыл башчылардын жоопкерчилиги каралып. Киреше булактарын түшүрүүдө. Салык кызматкерлерине жардам берүүгө, айыл башчылары милдеттендирилсин
4.Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктап берүү, айыл өкмөт башчысы М.С. Орозбаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Джеенчороев К.С. |