Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-февралы №3
Аманбаев айыл аймагындагы коопсуздуктун жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ курамдарынан келип түшкөн сунуштарын карап жана талкуулап Аманбаев айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Коопсуздуктун алдын алуу иш- чараларын ишке ашыруу боюнча жумушчу курам түзүлүп, аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
2 Коопсуздуктун алдын алуу иш- чараларын эфективдүү ишке ашыруу максатында бир видео камера аппаратын алып берүү үчүн жылдык бюджетке киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
3 Ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча иштерин алып барууну жумушчу топ курамына милдеттендирилсин
4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин
Төрага | Джеенчороев К.С. |