Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-февралы №4
Аманбаев айыл өкмөтүнүн тургундарына информатикалык жана компьютердик кызмат көрсөтүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Аманбаев айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айыл өкмөтүнүн маданият үйүнө тиешелүү 9833м2 жер аянтынын ичинен Толстунов көчөсүнө караган жак бетинен, 72м2 жер аянты өзүнчө бир китеп, калган 9761м2 жер аянты өзүнчө бир китеп болуп бөлүнүп берилип, мамлекеттик Гос. Акт алынсын
2. Кара- Буура райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгына жана Кара- Буура райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан кыймылсыз мүлк бирдигине өзгөртүүлөрдү киргизип мамлекеттик акт берүү жагы суралсын
3. Мамлекеттик Гос Акт алынган жер аянтын Информатикалык жана компьютердик кызмат көрсөтүүчү мекеме куруу үчүн, кызыккан тараптарга аукцион аркылуу сатылсын.
4. Жер адис Мамадьяров Т.Б. тиешелүү иш- кагаздарын бүткөрүп аукцион жарыялоо жагы милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Джеенчороев К.С. |