Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели №25
Улахол айыл өкмөтүндө жазгы айдап себүү, корукту уюштуруу жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси У. Зарлыковдун маалыматын угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси У.Зарлыковдун берген маалыматы жактырылсын.
-жазгы айдап себүү учурунда жер адап себүүнүн акысы 1га жер үчүн – 2000(эки миң) сом, 50 (элүү) литр күйүүчү май болуп белгиленсин.
-техника ээлери эгерде коюлган баадан ашык алса, агротехникалык эрежеге ылайык айдап сеппесе 5000 (беш миң) сом айып салынсын.
-1-майдан тартып 15-октябрга чейин айдоо жана чөп чабынды, бакчаларга корук уюштурулсун. Корукка кирген бодо малга- 300 (үч жүз) сом, эгерде экинчи жолу кирсе 600 (алты жүз) сом , үчүнчү жолу кирсе 1000 (миң) сом , кой эчкиге -100 ( жүз) сом,
-жайлоого чыгарбай ашык мал алып калгандарга - 2000 (эки миң) сом,
-мураптардын урууксаатысыз сугат сууларын жыгып алып уурдап жер сугаргандарга мураптын актысынын негизинде 1000 (миң) сом, латоктон суу уурдагандарга 2000 (эки миң) сом,
-суу бөлүштүрүү графигине баш ийбей суу жыгып алгандарга 2000 (эки миң) сом айып салынып, ошол айылдын графигинен 1 күнү алынып кайсыл айылдын суусун жыгып алса ошол айылгаберилсин.
-сугат мезгилинде суу акысын төлөбөгөндөргө, арык тазалоо иштерине чыкпагандарга суу берилбесин.
-Айдоо жерлердин 1га жерге сугат суу акысы 100(жүз) сомдон канча жолу сугарса ошончо, айыл ичинде огроддорго 50(элүү) сомдон 3 жолку сугатка төлөнсүн
-Ичүүчү таза сууну түтүк менен сугат иштерине пайдалангандарга, өз алдынча насос коюп алгандарга 5000 (беш миң) сом айып салынсын. Төлөнгө акчанын 5% ИСКАКБне котрулсун.
- көчөөлөргө жана белгиленбеген жерлерге таштандыларды төккөн атуулдарга 1000 (бир миң) сом айып кошуналардын жана айыл тургундарынын кайрылууларынын негизинде салынсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси У. Зарлыковко, жашылдандыруу- көрктөндүрүү, талаачылык, сугат иштери жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси Б.Желдекеевке, айыл башчыларга тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Ашымовго жүктөлсүн.
Төрага Т.Ашымов