Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели №24
Улахол айыл өкмөтүндө малды жайкы мезгилде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу, бада акысын бекитүү жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринариялык тейлөө маселелери боюнча башкы адиси К.Бектуровдун маалыматын угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Улахол айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринариялык тейлөө маселелери боюнча башкы адиси К.Бектуровдун берген маалыматы жактырылсын.
-бада акысы жылкы, уйга - 250сом, кой эчкиге - 45сом, эгерде сырт өрөөнүнө чыкса жылкы, уйга - 300сом, койэчкиге - 50сом. Жайыт салыгы мал багуучудан алынсын.
-Мал багууда ашыкча акча алгандарга 5000 (беш миң) сом.
-Май айынын 20-сынан кийин жайлоого көчпөгөндөргө жана 30-сентябрдан эрте көчүп келгендерге 10000 (он миң) сом.
- дарылоо учурунда малын көрсөтпөй катып калса 1000( миң) сом.
-Жайлоого багуучу малдарды убагында көчүрүү жана убагынан эрте түшүрбөө жайыт комитетинин жана айыл башчылардын көзөмөлүнө берилсин.Ар бир мал багуучу менен келишим түзүүнү жайыт комитети аткарсын.
-Мал багуучу баккан малынан ооруган өлгөндөрү болсо ээсине билдирсин, тушу териси, эн белгиси менен убагында берилсин, эгерде өз убагында берилбесе мал базар баасында төлөнүп берилсин.
-Жайыт билетин албагандарга 5000(беш миң)сом, мөөнөтүндө жайлоого көчпөгөндөргө, эрте көчүп келгендерге 10000(он миң)сом айыптар салынсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин төрагасы А.Ашымбековко, мал чарбасы жана ветеринариялык тейлөө маселелери боюнча башкы адиси К.Бектуровко, айыл башчыларга тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Ашымовго жүктөлсүн.
Төрага Т.Ашымов