Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы №12/49
Кызыл-Кыя шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып такталгандыгын, туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 5-январындагы №30 протоколунун чечимин, киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 127349,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2018-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2018-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2018-жылга 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүнгөн акча каражаттары №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардык бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2017-жылы каржыланбай калган кредитордук карыздарын каржылоо 2018-жылдын бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
6. Шаардын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 2783,7 миң сом, анын ичинен бюджет 2301,6 миң сом, атайын каражат 482,1 миң сом №4 тиркемеге ылайык каржылансын. Атайын каражаттан калган калдык балдар бакчасына 476,9 миң сом, маданият бөлүмүнө 5,2 миң сом бөлүнүп берилсин.
7. 2018-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым У. Дарипова
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2018-жылдын
30-январындагы кезектеги
12-сессиясынын
№12/49 токтомуна №1 тиркеме
|
2018-жылдын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн контролдук суммасы.
| |||
Элемент (8) | Жергиликтүү бюджет | МинФин контролдук суммасы 2018-жыл | Шаардык кеңештин бекиткен суммасы | |
Салыктардын аталышы | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | |
| Кирешелер | 127349,3 | 127349,3 | |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 37127,0 | 37127,0 | |
11111200 | Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
|
| |
11121100 | Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык | 470,0 | 470,0 | |
11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык | 2672,0 | 2672,0 | |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 26024,0 | 26024,0 | |
11123100 | Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына салык |
|
| |
11311100 | Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 14,6 | 14,6 | |
11311200 | 2 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 1070,0 | 1070,0 | |
11311300 | 3 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 35,0 | 35,0 | |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 1060,0 | 1060,0 | |
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 5200,0 | 5200,0 | |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 1491,0 | 1491,0 | |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 400,2 | 400,2 | |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 6360,0 | 6360,0 | |
11412100 | Сатуудан салык | 16428,0 | 16428,0 | |
11442 | Роялти | 25,0 | 25,0 | |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 27352,5 | 27352,5 | |
14151100 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн салык | 100,0 | 100,0 | |
14152110 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 2160,0 | 2160,0 | |
14152200 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 485,0 | 485,0 | |
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулуштардын ижара акысы | 2404,5 | 2404,5 | |
14221700 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 205,0 | 205,0 | |
14221800 | Авто транспорт токтотуу үчүн жыйым | 918,0 | 918,0 | |
14222200 | Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым |
|
| |
| Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр | 21080,0 | 21080,0 | |
14311100 | Административдик айыптар |
|
| |
14511200 | Дагы башка салыктык эмес кирешелер |
|
| |
31111110 | Батирлерди сатуу |
|
| |
31112190 | Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу |
|
| |
314121 | Айыл -чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан | 1620,0 | 1620,0 | |
| Трансферттер (гранттар) |
|
| |
Шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы И. Жолдошов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2018-жылдын
30-январындагы кезектеги
12-сессиясынын №12/49
токтомуна №2-тиркеме
Кызыл-Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылга бөлүнүшү
миң сом.
Мазмуну | 2018-жыл |
Ч ы г а ш а л а р | Мин сом менен |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү | 23555,1 |
- анын ичинде –Резервдик фонд | 1200,0 |
Коргонуу | 957,8 |
Коомдук тартипти сактоо | 0,0 |
Экономикалык бөлүм | 15205,2 |
Турак жай чарбасы | 40778,5 |
Маданият | 9718,8 |
- анын ичинде – Дене тарбия | 3048,8 |
-атайын каражат | 1021,0 |
Билим берүү | 31520,3 |
- анын ичинен атайын каражат | 20059,0 |
Социалдык камсыздоо | 5717,6 |
Чыгашалардын жыйынтыгы: | 127349,3 |
Шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы И. Жолдошов
| Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2018-жылдын 30-январындагы кезектеги 12-сессиясынын №12/49 токтомуна №3-тиркеме |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Экономикалык бөлүкчөнүн бөлүнүшү |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы И. Жолдошов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2018-жылдын
30-январындагы кезектеги
12-сессиясынын №12/49 токтомуна
№4-тиркеме
2017-жылдын 1-январына болгон эркин калдыктын бөлүнүшү
(миң сом менен)
Мэрия башка чыгымдарга | Шаардык кеңешке, мэрдин сунуштарынын негизинде | 2301,6 |
Атайын каражаттан калган 482,1 миң сом калдык | ||
Шаардык билим берүү бөлүмү | Балдар бакчасынын тамак ашына карыздарын жабуу үчүн | 476,9 |
Маданият бөлүмүнө | Карыздарын жабуу үчүн | 5,2 |
|
|
|
| Жалпысы: | 2783,7 |
Шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы И. Жолдошов