Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018–жылдын 06–февралы №13/53
Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62 Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4)-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №2 катына негиз, Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча материалдар менен таанышып, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлер жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына сунушталсын
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго тапшырылсын.
Төрайым У. Дарипова