Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы №4
Теплоключенка айылдын башындагы ичүүчү суу топтолуучу жайдын жанынан сууну тазалап туруучу атайын жайды курганга жер тилкесине макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу турак-жай коммуналдык чарбасынын 2017-жылдын 30-октябрындагы №01-3/51 кайрылуусун карап, айылдык кеңештин муниципалдык менчик (жер, мулк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын №1072 контурдагы жайыт жерлеринен 1.0 га жана №1073 контурдагы кайрак айдоо жеринен 1.0 га жер, жалпысынан 2.0 га жер тилкеси айылдын башындагы ичүүчү суу топтолуучу жайдын жанынан сууну тазалап туруучу атайын жайды курууга берилсин.
2. Биринчи пункта көрсөтүлгөн жер тилкелеринин багыты өзгөртүлсүн.
3. 2010-жылы Ак-Суу токойчулугуна ижарага 49 жылга берилген 1.60 га жер тилкесинен №1072 контурдагы жайыт жеринен 30 сотый жер жылдырылып берилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын, каттоо реестр журналына катталып, мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жаты айылдык кеңештин муниципалдык менчик (жер, мулк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын торагасы К.О.Бекиевге жүктөлсүн
Төрага Э.А. Темиров