Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы №5
Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө тартибинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө тартибинин Жобосу бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, каттоо реестр журналына катталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Терага Э.А.Темиров