Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы №6
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнун сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле Теплоключенка айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын жетекчиликке алуу менен, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси жана алардын стандартары бекитилсин, №1 жана №2 тиркемелер.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, каттоо реестр журналына катталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага Э.А. Темиров