Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы №9
Теплоключенка айыл аймагынын 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
2018-жылга Теплоключенка айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Абдыкеримованын билдирүүсүн, «Бюджет,финансы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Дейимкуловдун кошумча маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле 2018-жылга Кыргыз Республикасынын републикалык бюджета жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга жергиликтүү бюджета кирешелер жана чыгымдар боюнча 29752,8 миң сом көлөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен 2018- жылга каржылануучу чыгымдардын көлөмү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл чарба жерлерин, айыл чарба багытында болбогон жерлерди , жер участкаларын пайдалануу үчүн жер салыктары, ыктыярдуу патенттин негизинде салык, транспорттук каражаттарга салык, салык агенти төлөөчү киреше салыгы, сатуудан салык, жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн өлчөмдөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2018-жылы бюджеттен каржылоо, түшкөн кирешелердин көлөмүндө жүргүзүлөөрү жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго төгүмдөр,тамак-аш азыктарын алуу, коммуналдык кызмат көрсөтүү жана жеңилдиктерге каралган чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
6. Жыл ичинде накталай акчаны жүгүртүүнүн көлөмү Бюджеттик Кодекстин негизинде жүргүзүлсүн.
7. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланган каражаттар тиешелүү деңгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча кызматкери райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укуктарды катоо боюнча башкармалыгы менен кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жер аянттары 1-июнга карата тактап, түзүлгөн келишимдер боюнча тиешелөө маалыматтар айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө тапшырууга милдеттендирилсин.
9. 1-январь 2018-жылга карата калган жергиликтүү бюджеттин бош калдыгы 5243,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. 1-январь 2018-жылга карата калган атайын каражаттын бош калдыгы 657,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин
11 .1-январь 2018-жылдан баштап айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн коэффицент Кз, 1,2 өлчөмү бекитилсин.
12. Токтом ММКна басылып чыккан күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин.
13. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнө жана көзөмөлдө жаты кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Т.Дейимкуловго жүктөлсүн.
Төрага Э.А. Темиров