Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы №6/3
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Жел-Тийбес участогундагы жерлерди иштетүү тартиби жөнүндө 3-маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Жел-Тийбес участогундагы мамлекеттик фонддун кызыр аңыздарына жана үлүштүк жерлерге бир гектардан кем эмес 5 гектардан ашык эмес аянттарына бак өстүрүү белгиленсин жана мамлекеттик фонддун кызыр аңыз жерлеринин ижара акысы 1000 (бир миң )сомдон белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлеринин ижарага берүү мөөнөтү 3 жыл деп белгиленсин, баштапкы баалары: суулуу жер 10 000(он миң)сом, УОС төмөнкү зона -7000(жети миң)сом, УОС жогорку зона 1000(бир миң)сомдон бекитилсин .Аукцион өткөрүү 2018-жылдын 20- февраль күнүнө белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдое жаты агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
4. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыялансын.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
(Тиркемеси тиркелет)
Төрага К. Итибаев