Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы №6/4
Атуулдардын арыздары жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы Үч- Коргон айыл өкмөтүнүн тургундарынын арыздары жөнүндө 4-маселени угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Кум айылынын тургуну Алимбеков Сапардын ,Кызыл-Жар айылынын тургуну Аспердиев Баялынын жана Нарын айылынын тургуну Асанова Ибадагтын арыздарын канааттандыруу жагы айыл өкмөтүнүн соц. комиссиясынын кароосуна калтырылсын.
2. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыялансын.
3. Назаралиев айылдык Кецешинин ушул токтому токтому Уч-Коргон айыл аймагынын айыл екметунун uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыяланган кунден тартып кучуне кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага К.Итибаев