Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы №6/5
Үч-Коргон айылынын территориясындагы көпүрөнү жана трансформаторлорду айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы Үч- Коргон айыл өкмөтүнүн территориясында жайгашкан көпүрөнү жана трансформаторлорду айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүү жөнүндө 5-маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн территориясында жайгашкан көпүрө жана 4 трансформатор айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлсүн.
2. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыялансын.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасыным ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага К. Итибаев