Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-марты №7/1
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылга аткарган иштери жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын 7-сессиясынын 1-маселеси Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жасаган иши боюнча Н.Мураталиевдин отчетун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жасаган иши боюнча Н.Мураталиевдин отчету тендерде кетирген кемчиликтери менен канааттандырарлык дел белгиленсин.
2. Кетирилген кемчиликтерди өз убагында жоюу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Кетирилген кемчиликтердин аткарылышы боюнча жарым жылдын жыйынтыгы менен кезектеги сессияда каралсын.
4. Назаралиев айылдык кенешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыялансын.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
7. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
(тиркеме тиркелет)
Төрага А. Эшалиев