Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-марты №7/2
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылга аткарган иштери жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын 7-сессиясынын 2-маселеси 2017-жыл ичинде өткөрүлгөн тендердин жыйынтыктарын угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жыл ичинде өткөрүлгөн тендердин жыйынтыктары боюнча Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин чатыры ,эшиктери жана Р.Солпиев орто мектебинин көмүр навеси смета боюнча аткарылбагандыгы белгиленсин.
2. Мыйзамсыз чыгымдалган акча каражаттары тиешелүү кызматкерлердин жеке эсебинен бюджетке кайтарылсын.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Эшалиев