Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-марты №7/3
Агрокомитеттин төрагасынын билдирүүсү жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын 7-сессиясынын 3-маселеси Мамлекеттик фондунун жерлерин инвентаризациялоонун жыйынтыктары жөнүндө депутат К.Аспердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик фондунун жерлерин инвентаризациялоонун жыйынтыктары жөнүндө жетиштүү жыйынтык чыгарылбагандыгына байланыштуу кийинки сессияда кароого калтырылсын.
2. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыялансын.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Эшалиев