Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-марты №7/4
Жайыт боюнча жыйымдардын тарифин бекитүү жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын 7- сессиясынын 4-маселеси түрдүү маселелер жайыт чек араларын тактоо жана мал боюнча жыйымдын тарифи, Үч-Коргон ГЭСинин көпүрөсүнө чектөө киргизилгендиги жана тай казан ачууга жер тилкесин ажыратуу жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айыл окмотунун малына алынуучу жайыт жыйымы темендегудой тарифте
белгиленсин:
Бодо малга- 50 сомдои
Кой-эчкиге-10сомдон
Жылкыга-65 сомдон
Эшекке-65 сомдон.
2. Аксы райондук мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгы менен биргеликте айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон жайыттарды тактоо айыл өкмөтүнүн жер адистерине жана жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
3. Үч-Коргон ГЭСинин көпүрөсүнө чектөө киргизилгендигине байланыштуу элдин атынан альтернативный көпүрө курууну Депутаттар жана айыл өкмөтү менен биргеликте жогорку инстанцияларга кайрылуу жөнөтүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Тай казан жер аянтын ачуу Аксы мамлекеттик каттоо бөлүмү жана Аксы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте кеңешинин чечиминин негизинде макулдашуусу менен берилсин.
5. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыялансын.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р. Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Эшалиев