Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы № 1-10/ 2
Баткен шаарынын мэрин шайлоо жөнүндөгү Баткен шаардык, аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 42-беренесине жана 43-беренесинин 4-пунукутуна жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” №286 токтому менен Баткен шаарынын мэрин шайлоого белгилеген графигине ылайык жана Баткен шаарынын мэрин шайлоо жөнүндөгү 2017-жылдын 20-январындагы протоколун бекитүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен шаарынын мэри кызматына талапкер, Баткен шаардык Кеңешинин көпчүлүк добушун алган Рахимов Мамыржан Тойчуевичтин шайлангандыгы жөнүндөгү протоколу бекитилсин. (протокол тиркелет)
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы КР Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А.Ташбеков |