Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы №7
Кыш заводун куруу үчүн жер ажыратуу жөнүндө
ОсОО “Нурэлбай”дын директору Исламбек Шеркуловдун маалыматынын негизинде, айыл өкмөтүнө арзан продукция, жумуш орду жана экономикасын көтөрүү максатында Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “Нурэлбай”дын директору Исламбек Шеркуловдун маалыматы эске алынсын
2.Айыл өкмөтүнө караштуу № 1427-контурунан 1,50 га жер аянты кирпич завод куруу үчүн ылайыктуулугун тактоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Батыровко жүктөлсүн
3.Тийиштүү документтерин мамлекеттик актысын даярдап берүү жагы Ноокен райондук кыймылсыз мүлктөргө болгон укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына сунушталсын
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага А.Бекибаев