Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-декабры №1
Шамалды-сай айылынын Келечек көчөсүнө асфальт төшөө долбоорун кароо жөнүндө
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин XI сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамалды-сай айылынын “Келечек көчөсүн асфальтоо-1” жана “Келечек көчөсүн асфальтоо-2” долбоору приоритеттүү деп табылсын жана долбоорго акча каражат бөлүү үчүн түрткү берүүчү грантка жөнөтүлсүн
2. “Келечек көчөсүн асфальтоо-1” долбооруна Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинин өздүк салым 770 004,0 (жетимиш жети миң төрт ) сом жана “Келечек көчөсүн асфальтоо-2” долбооруна 727896,0(жети жүз жыйырма жети миң сегиз жүз токсон алты) сом акча каражаты ажыратылып берилсин
3.Каражатты ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У.Бегбаевага милдеттендирилсин
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамасадыковко жүктөлсүн
Төрага А.Бекибаев