Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-декабры №2
Шамалды-сай айылынын маданият үйүн капиталдык ремонттоо долбоорун кароо жөнүндө
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин XI сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шамалды-сай айылынын маданият үйүн капиталдык ремонттоо долбоору приоритеттүү деп табылсын жана долбоорго акча каражат бөлүү үчүн түрткү берүүчү грантка жөнөтүлсүн.
2.Шамалды-сай айылынын маданият үйүн капиталдык ремонттоо долбооруна Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинин өздүк салым 550448 (беш жүз элүү миң төрт жүз кырк сегиз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин
3.Каражатты ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У.Бегбаевага милдеттендирилсин
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамасадыковко жүктөлсүн
Төрага А.Бекибаев