Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы №3
Кооптуу табийгый кырдаал пайда болгондугуна байланыштуу кезексиз турак жай курууга жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин мониторинг Департаментинин адистери тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн № 1 корутундусунун негизинде Достук айылдык кеңешинин XII сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2.Кудук айылында жер көчкүсү басып калуу коркунучу бар айылдын тургундары У.Туралиевге жана Р.Конулчиевдерге кезексиз турак жай курууга 1200 кв.метрден жер ажыратылып берилсин.
3.Турак жай куруу үчүн жер ажыратып берүү жагы Турак жай боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу туруктуу комиссияга милдеттендирилсин
Төрага А.Бекибаев