Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы №6
Достук айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын бекитүү жөнүндө
КРнын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык жана Достук айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы күн тартибиндеги меселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Калктын саны 9500 дөн 10100 болуп көбөйгөндүгүнө байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары(1 штаттык бирдик) жана жетектөөчү адис(1 штаттык бирдик) кызмат орундары бекитилсин.
3.Жогоруда аталган токтомдун негизинде ветеринарга келишимдин негизинде эмгек акы төлөнүп берилсин
4.Сунушталган айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги толугу менен өзгөртүүсүз бекитилсин жана Ноокен райондук каржы бөлүмү (К.Жумабаеев) менен макулдашып, эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына Б.Абдураимовага милдеттендирилсин.
Төрага А. Бекибаев
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин
кезектеги XII сессиясынын № 6 - токтомуна 1-тиркеме
Достук айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны
Кызматтардын аталышы | Достук айыл өкмөтүнүн калкынын саны 10100 адам
|
10 миңден 15 миңге чейин | |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Орун басар | 1 |
Жооптуу катчы | 1 |
Бөлүм башчы | 1 |
Айыл чарбасы боюнча башкы адис | 1 |
Социалдык маселелер боюнча башкы адис | 1 |
Салыктар боюнча башкы адис | 1 |
Эсепчи бухгалтер башкы адис | 1 |
Жаштар иши боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Экономист статист жетектөөчү адис | 1 |
Бухгалтер кассир жетектөөчү адис | 1 |
Салыктар боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Иш кагаздарын жүргүзүүчү адис | 1 |
Салыкчы адис | 1 |
Жалпы | 14 |
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары
| |
ВУСтун инспектору | 2 |
Айыл башчы | 6 |
Ветеринар-келишимдин негизинде | 1 |
Жалпы | 9 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер ТТК, МТК | |
Кароолчу | 1 |
Тазалоочу | 1 |
Жалпы | 2 |
Жооптуу катчы Б.Абдураимова