Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-майы №1
Турак жайга деп берилген жер тилкесинин максатын өзгөртүү жөнүндө
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Турак жай боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы эске алынсын
2.Күчүков Жумабеке турак жай салуу үчүн берилген 700 кв.м жер тилкесинин максаты өзгөртүлсүн
3.Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Ноокен райондук архитектура айыл жана шаар куруу, Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан суралсын
4.Ж.Күчүковдун ишкердик жүргүзүүсү айыл өкмөтүнүн көзөмөлүнө калтырылсын
Төрага А.Бекибаев