Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-майы №1
Достук айылдык кеңешинин төрагасы А.Бекибаевдин депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекибаев Алтынбек Равшанбекович Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына дайындалгандыгына жана өз арызына байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун
2.Кийинки депутатты мыйзамга ылайык аныктап берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин
Айылдык кеңештин сессиясына төрагалык кылуучу С.Ташбаева