Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-майы №6
Айыл өкмөтүнүн Келечек, Бөкөнбаев, Кадыр ата, Рахманов, Узбеков көчөлөрүндөгү дарактарды кыйып ордуна арча көчөттөрүн отургузуу жөнүндө
Эл депутаттарынын Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн ички көчөлөрүн жашылдандыруу көрктөндүрүү максатында Келечек, Бөкөнбаев, Кадыр ата, Рахманов, Узбеков көчөлөрүндөгү дарактарды кыйып ордуна арча көчөттөрүн отургузууга уруксат берилсин
2.Ош-Бишкек жолунун жээгиндеги жол белгилерин тосуп калган, Кызыл туу айылындагы электр зымдарына тийип калган дарактар кыйып ташталсын
3.Макулдашууга Жалал Абад аймактык айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгынын башчысы Б.Эрменовго жөнөтүлсүн
4.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Айылдык кеңештин сессиясына төрагалык кылуучу С.Ташбаева