Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну №29/12-5
Чолпон-Ата шаарындагы Олуя Чолпон-Ата күмбөзүнүн аймагындагы жер тилкеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын „Муниципалдык менчик жөнүндө“ мыйзамына ылайык, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2018-жылдын 14-майындагы №09/430 иш кагазын, шаардын тургуну М.Акматбаевдин арызын карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чолпон-Ата шаарынын тургуну М.Акматбаевге тиешелүү „Олуя Чолпон-Ата“ күмбөзүнүн аймагындагы жалпы аянты 0,5га жер тилкеси келишимдин негизинде муниципалдык менчикке алынсын.
Муниципалдык менчик башкармалыгына жогоруда көрсөтүлгөн 0,5га жер тилкеси жана мурун муниципалдык менчикке алынган 0,385га жер тилкелери менен толук тарыхый-маданий комплекс катары муниципалдык менчиктин объекттилеринин реестрине киргизүү жагы тапшырылсын.
Чолпон-Ата шаарынын мэри К.А. Саралаевке тапшырылсын:
-М.Акматбаевден муниципалдык менчикке алынган 0,5 га жер тилкесинин ордуна компенсация катары келишимдин негизинде жеке менчик турак жай салууга Чолпон-Ата шаарынын „Бирлик“ кичи районунан эки жер тилкелери (аянттары 0,08га же 0,06га) издештирилип сатып берүү ;
-күмбөздүн тегереги темир тосмолор менен тозулуп, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жасалсын;
-жеке менчикке, ижарага берилбесин.
4. Шаардык мэриянын каржы бөлүмүнүн башчысы А.Токтобековага 2019-жылдын бюджетинин долбоорун түзүүдө жер аянттарын сатып алууда сарптала турган акча каражаттарын эске алуусу тапшырылсын;
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик каттоо реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин „Экология, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, турак жай, курулуш, жер боюнча“ жана „Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча“ туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Т.Сарбагышев