Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы №8/1
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын 8- сессиясынын 1-маселеси Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө депутат К.Аспердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланууда биртоп кемчиликтер бар экени белгиленсин.( Дарыя боюндагы жана Кумдагы шалы жерлери).
2. Кемчиликтерди жоюу боюнча жарым жылдын жыйынтыгы менен толук маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевке милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Эшалиев