Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы №8/2
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Майли-Сай-3 кварталындагы кунөскана жөнүндө.
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын 8-сессиясынын 2-маселеси Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Майли-Сай-3 кварталындагы күнөскана жөнүндө депутат К.Аспердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунда белгиленген Кочумкулов Асылга тиешелуу 9 га жердин анын ичинен 6 га бак кечету мыйзамсыз экендиги келишимдин талаптарына жооп бербегендиги белгиленсин.
2. Эгилген бак кечетгер 2018-жылдын ноябрь декабрь жана 2019-жылдын 1-мартына чейин толук башка жерге которулсун.
3. 2019-жыл 1-мартынан баштап жогорудагы талаптар аткарылбаса биртараптуу келишим бузулуп жер мамлекеттик фонддун эсебине өкмөткө кайтарылып алынсын.
4. Бак эгилген жер жеке ишкердин эсебинен рекультивациядан өткөрүлсүн .
5. Токтомдун аткарылышы боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиев 2019-жыл II-кварталында сессияга билдирсин .
6. Назаралиев айылдык кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыялансын.
7. Назаралиев айылдык Кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыяланган кундөн тартып кучунө кирет
8. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р. Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага А.Эшалиев