Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы №8/5
Түрдүү маселелер: Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 9 га багын жана андагы мейманкана,Чек ара маселеси, Базардагы соода кылуучу жайларга бааларды белгилөө,базар башчысынын ижара акы тууралу арызын кароо,пескоблок чыгаруучу станок жана; Р.Сөлпиев орто мектебинин директору А.Токторбековдун арызы жана айыл статусун алуу жөнүндөгү актыны бекитүү жөнүндө.
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын 8- сессиясынын 5-маселеси Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 9 га багын жана андагы мейманкзна,Чек ара маселеси,Базардагы соода кылуучу жайларга бааларды белгилөө, базар башчысынын ижара акы тууралу арызын кароо,пескоблок чыгаруучу станок жөнүндөгү А.Адылбековдун арызы жана Р.Сөлпүев орто мектебинин директору А.Токторбековдун арызы жөнүндө угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .а) 1 Айыл өкмөтүнүн 9 га бактын аянты айыл өкмөтүнүн балансына калтырылсын.
2. 2017-жылы айыл өкмөттүн балансындагы 9 га бак ижарага берилгенине байланыштуу анын жыйынтыгын билдирбегендиктен кайрадан ижарага берүүнүн зарылдыгы жок экендиги белгиленснн.
3. Бактын мындан аркы абалын жакшыртуу боюнча айыл өкмөтү өз сунушун кийинки сессияга билдирсин
б) Чек ара маселеси боюнча элдик кайрылуунун негизинде тиешелүү мекемелерге билдирүү жөнөтүлсүн.
в) 1. Базардагы алынуучу жыйындардын төлөмдөрү боюнча бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын сунушу жактырылсын .(тиркеме тиркелет)
2. Областык монополия каршы күрөшүү боюнча комитети менен жогорудагы тарифтер макулдашылсын.
г) Каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмү менен биргеликте карап чыксын жана тиешелүү сунушун кийинки сессияга билдирсин.
д) Карабалев көчөсүндөгү пилораманын ичине жайгашкан пескоблок жасоочу станок боюнча тиешелүү мекеме-уюмдар болбосо аймактык экотехинспекциясынын уруксаты менен биргеликте аткарууга алынсын жана кат жүзүндө арыз ээсине билдирилсин.
е) Р.Сөлпүев орто мектебинин директору А.Токторбековдун арызы жөнүндөгү социалдык маселелер боюнча комитетииин сунушу жактырылсын бюджеттин эсебинен 50 000 сом акчалай жардам берилсин ( ооруктун коюлган диагнозун эске алуу менен) •
2. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыялансын,
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн,
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага А. Эшалиев